Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Орусия Санкт-Петербургда украин дипломатын кармады


Картада Крым жарым аралындагы Нижнегорск ири кыштагынан Херсон облусунун аймактык чегине чейинки аралык көрсөтүлгөн. Нижнегорск кыштагындагылар бул жерде Псковдон келген десантчылар менен оор куралдар жайгашкан эшелондорду байкашкан. 2021-жылдын 16-апрели.
Картада Крым жарым аралындагы Нижнегорск ири кыштагынан Херсон облусунун аймактык чегине чейинки аралык көрсөтүлгөн. Нижнегорск кыштагындагылар бул жерде Псковдон келген десантчылар менен оор куралдар жайгашкан эшелондорду байкашкан. 2021-жылдын 16-апрели.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы (ФСБ) бир украиналык дипломатты 17-апрелде Санкт-Петербург шаарында жашыруун маалымат алууга аракеттенген деген шекке ылайык кармагандыгын билдирди.

ФСБнын билдирүүсүндө дипломат Александр Сосонюк Орусиянын аты ачыкталбаган жараны менен жолугушуу учурунда Орусиянын укук коргоо органдарынын маалымат базаларына таандык маалымат алууга далаалат кылып жатканы айтылган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дмитрий Новиков “Интерфакс” кабар агенттигине билдиргендей, Санкт-Петербург шаарындагы Украинанын консулдугунда иштеген Сосонюк эми Орусиядан чыгарылышы ыктымал.


“Рөйтерс” кабар агенттиги Украинанын Тышкы иштер министрлиги бул окуя жаатында пикир айтуу өтүнүчүнө дароо жооп берген жок, деп билдирди.

ФСБнын бул билдирүүсү эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөп, Москва Украинанын өз ара чек арасына жакын аймактарда жана Орусия каратып алган Украинанын Крым жарым аралында улам жаңы аскер күчтөрүн топтоп жаткан маалда жарыяланды.


Киев менен Москванын мамилеси Орусия 2014-жылы Крым аймагын бир тараптуу каратып алып, Украинанын чыгыш бөлүктөрүндөгү жикчилдерге аскердик, экономикалык жана саясий колдоо көрсөтө баштагандан бери кескин начарлап кеткен.

Украинанын чыгышындагы жаңжалда 2014-жылдын апрелинен бери 13 миңден ашуун киши курман болду.

Жыл башынан бери эле 30га жакын украин жоокери өлтүрүлгөнү кабарланган. Ал эми 2020-жылы 50гө чейин украин жоокери набыт кеткен.

2020-жылы июль айында ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишим күчүнө киргенден кийин бул жаңжалдын катышуучуларынын өз ара салгылашуулары кыйла басаңдаган.


Дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын Крым жарым аралын күчтөп каратып алышын айыптап, азыркыга чейин бул жарым аралды Украинанын ажырагыс бөлүгү катары санап келишет.

Крымды Украинага таандык деп караган дал ушул турумда кала берип жатышканын жакында АКШ, Европа Биримдиги өлкөлөрү жана НАТОго мүчө Түркия тастыкташкан. (TT)

XS
SM
MD
LG