Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 18:45

Ипотека боюнча пландалган акция өткөн жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ипотекалык насыянын пайызын төмөндөтүү талабы менен 17-апрелде өтөрү айтылган митинг болгон жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна насыячылар бирикмесинин жетекчиси Канат Иманов билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги алардын талаптары боюнча жообун айдын аягына чейин берүүнү убада кылды:

“Бардыгын 6% кылып, эки жылдан кийин 4% кылганга аракет кылабыз деп айтты. Ошондуктан биз бүгүн митингге чыккан жокпуз. Мугалим, дарыгерлердин айлыгы 12 миң сомдун тегерегинде, билесиздер. Насыя пайызын 4% кылып беришсе жетет эле”.

Иманов билдиргендей, ал жетектеген насыячылар бирикмесине бүгүнкү күндө Бишкектен жана Оштон 800гө жакын адам мүчө. Өзү мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу жеңилдетилген насыяны 10% үстөк менен 2017-жылы алган.

Анын айтымында, 2020-жылы мамлекеттик ипотеканын пайызы май айында бир, декабрда дагы бир процент төмөндөп, азыр 6-8 менен берилип жатат.

Буга чейин насыячылар мамлекет ипотекага бөлгөн каражаттын үстөгүн азайтуу талабы менен эки жолу митинг уюштурушкан.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси боюнча элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы орточо 17-18% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG