Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Байден сынды кабыл алып, иммиграциялык квотаны Трамптын доорундагыдай төмөн кармоо чечиминен баш тартты


АКШ менен Мексиканын ортосундагы Сан-Исидро (San Ysidro) чек ара бекетинде күтүп турган мигранттар. 2018-жылдын 25-ноябры.
АКШ менен Мексиканын ортосундагы Сан-Исидро (San Ysidro) чек ара бекетинде күтүп турган мигранттар. 2018-жылдын 25-ноябры.

АКШнын президенти Жо Байден качкындарды кабыл алуу боюнча чечимди быйыл 15,000 кишиге чейин чектеген буйрукка кол койгондон бир нече саат өткөндөн кийин бул буйрукту кайрадан жокко чыгарды. Өлкө тарыхындагы бул эң төмөнкү көрсөткүчтү мурдагы президент Доналд Трамптын бийлиги карманып келген.

Президент Байден буйрукка 16-апрелде кол койгондон кийин дароо эле кескин сынга кабылды. Ал эми жума күнү кечке жуук Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки айым билдирүү жасап, алгачкы жарыя "бир аз башаламандыкка себеп болду" жана Байден качкындардын кабыл алынышынын төмөнкү көрсөткүчүн 15-майга карата көбөйтөт деп күтүлүп жатат, деп айтты. Бирок Псаки айым бул жаңы төмөнкү көрсөткүч канча миң кишини камтый тургандыгын ачыктаган жок.


Псакинин билдирүүсүндө, бирок, Байдендин "баштапкы учурда койгон 62,500 кишилик максаты” октябрь айына чейин жүзөгө ашырылууга күмөн жаратып жаткандыгы да белгиленген. Мында мурдагы президент Трамптын өкмөтүнөн мураска калган качкындарды кабыл алуу программасынын аткарылыш жүрүмү да эске алынып жаткандыгы айтылган.

Байдендин соңку кадамдары ал Мексикадан Кошмо Штаттарга бирин-серин өтүп жаткан мигранттардын санынын көбөйүп кетишине байланыштуу олуттуу саясий кысымга туш болуп жатканда жасалды.

Республикачылар Байденди азыркы кырдаал үчүн күнөөлөп, анын Трамп доорундагы катаал иммиграциялык саясатты жумшартуу далаалаттары келгиндердин санынын өсүшүнө огожо болду деп жатышат.


Бирок демократтар жана адам укуктарын коргоо топтору мурдагы мамлекет башчы Трамптын качкындарга карата катаал саясатын өзгөртүү үчүн президент Байдендин тез арада иштиктүү кадамдарга барышын каалашат.

Сенатор Дик Дурбин (Иллинойс штатынан шайланган демократ) дүйнө жүзү “биздин заманабыздагы эң зор качкындар кризисине” кабылып жаткан чакта, алардын санын 15,000 киши менен чектөөгө Кошмо Штаттар үчүн эч кандай негиз жок, деп кесе айтты. (TT)

XS
SM
MD
LG