Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде бүгүн 17-апрелде болгон окуяга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат, ага күч кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.

Окуя Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган жайда болду. Кыргызстандыктар ал жерде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканда эки тараптын жарандары ортосунда тиреш чыгып, натыйжада иш токтотулган. Облус бийлиги окуя болгонун ырастады.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрт-Гүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Өткөн жумада тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келип, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан. Ошондой эле ал Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес.

Бүгүнкү окуя боюнча Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG