Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Александр Лукашенко АКШга доомат артты


Александр Лукашенко Александрия агрошаарчасындагы ишембилик маалында, 17-апрель 2021-жыл.
Александр Лукашенко Александрия агрошаарчасындагы ишембилик маалында, 17-апрель 2021-жыл.

Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко өзүнө жана балдарына кол салууну көздөгөн операция алдын алынганын билдирди. Ал бул тууралуу 17-апрелдеги ишембилик маалында журналисттерге айтып, операцияга АКШнын "жогорку саясий жетекчилиги макулдугун берген" деп белгиледи. Бирок Лукашенко бул сөздөрүн бышыктаган далилдерди көрсөткөн жок.

Орусиянын чалгын кызматтары Лукашенко сөз кылган кутумчул аракет боюнча Москвада Беларустун эки жаранын кармаганын кабарлады.

Мындай айыптоого Кошмо Штаттардын расмий мекемелери жооп кайтара элек. Бирок беларус оппозициясы Лукашенконун айткандарын четке какты. Оппозициянын лидери Светлана Тихановская соңку кабарларды орус-беларус атайын кызматтарынын "чагымчыл аракети" катары мүнөздөдү.

Беларуста былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар маал-маалы менен өтүп келет. Бир катар Батыш өлкөлөрү шайлоодо олуттуу бурмалоолор болгонун белгилеп, Лукашенконун жеңишин таануудан баш тартышкан. Андан бери Лукашенко "өзүн бийликтен кулатууга аракет кылды" деп Батыш өлкөлөрүн бир нече жолу айыптаган.

Беларус жетекчилигинин соңку билдирүүсү Орусиянын украин чек арасына жакын аймактарга аскерлерин жайгаштырышынан улам Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда кайым айтышуу уланып жаткан учурга туш келди.

Беларустун эң жакын тарапташы саналган Орусия узак жылдардан бери Минскини дагы жакыныраак интеграцияга үндөп келет.

XS
SM
MD
LG