Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

"Норманд төрттүгү" саммитке чогулуу тууралуу кеңешет


"Норманд төрттүгү" саммиттинен кийинки пресс-жыйын. 9-декабрь. 2019-жыл.
"Норманд төрттүгү" саммиттинен кийинки пресс-жыйын. 9-декабрь. 2019-жыл.

"Норманд төрттүгүнө" кирген Украинанын, Орусиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлеринин башкы кеңешчилери 19-апрелде Украинанын чыгышындагы чыңалуудан улам кезектеги саммитке чогулуунун жол-жобосун талкуулашат.

Башкы кеңешчилер сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин бекитсе, анда аталган төрт мамлекеттин президенттеринин «Норманд төрттүгү» форматындагы жолугушуусу белгиленет.

Бул сүйлөшүүлөр француз президенти Эммануэль Макрон жана немис канцлери Ангела Меркель 16-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Парижде жолуккандан кийин башталды. Анда бул төрт өлкөнүн башын кошкон "Норманд төрттүгү" форматындагы саммиттин алкагында Москваны кепке келтирип, чатакты чечүү жолдорун табуу маселеси көтөрүлгөн.

Орусия ушул айдан тартып Украина менен чек аралаш аймактарга жана аннексияланган Крымда өз аскерлерин кошумча жайгаштырууда. Киев бул аймактарда жалпысынан 80 миңдей аскер бар экенин билдирген. Мындай абалга Украина жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып, Орусия Донбасска өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан болушу ыктымал деп кооптонушууда.

Москва аскерлерин Орусиянын кайсы аймагына болбосун жайгаштыруу анын өзүнүн ички иши экенин айтып, аны артка кайтаруудан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG