Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Камчыбек Ташиев: Өзбекстан менен эң пайдалуу макулдашуу болду


Камчыбек Ташиевдин Кара-Суудагы эл менен жолугушкан учурунда тартылган сүрөт. 19-апрель, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиевдин Кара-Суудагы эл менен жолугушкан учурунда тартылган сүрөт. 19-апрель, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу түзүлгөн макулдашууну "эң пайдалуу келишим" деп атады.

Бул тууралуу 19-апрелде "Кемпир-Абаддын" жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушкан учурда айтып, протокол буга чейинки жер талаштарга чекит коёт деп ишендиргенге аракет кылды:

"Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул - элге эң пайдалуу протокол болду", - деди Ташиев.

Жолугушууга келгендер протоколду өзгөртүп, "Кемпир-Абаддын" жанындагы жерди бербөөгө чакырышты. Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болууда.

Жергиликтүү тургандар "Кемпир-Абаддын" жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Жергиликтүүлөр ушул билдирүүдөн улам мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаган.

18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришти.

Жер алмашуу аракети быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болду. (SE)

XS
SM
MD
LG