Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

"Кемпир-Абад": Ташиев жер берүүгө каршы чыккандарга барды (видео)


Кара-Суу району, 19-апрель, 2021-жыл.
Кара-Суу району, 19-апрель, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жерге байланыштуу нааразы болуп жаткандар менен 19-апрелде жолугушууга барды.

Жолугушуу ушул тапта (13:20) Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болуп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады.

Камчыбек Ташиев эл менен жолугушууга барган учуру. 19-апрель, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев эл менен жолугушууга барган учуру. 19-апрель, 2021-жыл.

Жергиликтүү тургандар "Кемпир-Абаддын" жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Жергиликтүүлөр ушул билдирүүдөн улам мөөнөтсүз нааразылык акция баштаган.

18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришти.

Жер алмашуу аракети быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болду. (SE\DU)

XS
SM
MD
LG