Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

"Кемпир-Абад": Ташиев 50 гектарды 20га азайтууга аракет кыларын айтты


Камчыбек Ташиев жолугушуу учурунда. 21-март, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев жолугушуу учурунда. 21-март, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин айтты.

Ал 19-апрелде "Кемпир-Абаддын" жанынан 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан тургундар менен жолугушту.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин",- деди Ташиев.

Ташиев тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берди.

Анын алдыда Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, буга чейинки жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылды. Бирок чогулгандар буга ынаган жок.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болду.

Кара-Сууга эл менен жолугушууга барган Ташиев нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагым кылууну көздөгөндөр бар экенин да айтты. Чогулгандар анын бул сөзүнө нааразы маанайда жооп кайтарышты.

Жергиликтүү тургандар "Кемпир-Абаддын" жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Жергиликтүүлөр ушул билдирүүдөн улам мөөнөтсүз нааразылык акция баштаган.

18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришти.

Жер алмашуу аракети быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болду. (SE)

XS
SM
MD
LG