Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Дарыгерлер: Навальныйдын өмүрү коркунучта


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы оппозиция лидери Алексей Навальный ооруканага которулганын 19-апрелде билдирди. Мунун алдында ачкачылык кармап жаткан саясатчынын догдурлары анализдерин жарыялап, саламаттыгы кескин начарлап кеткенин маалымдашкан.

Покров шаарындагы абакта отурган Навальный, маалыматка караганда, Владимирдеги башка жабык жайдын аймагындагы ооруканага жаткырылды. Жаза аткаруу федералдык кызматы анын абалы "канааттандырарлык" экенин, анын макулдугу менен витаминдерди берип, дарылап жатышканын кабарлады.

Кремлдин негизги сынчысы, 44 жаштагы Навальный марттын аягында ачкачылык кармай баштаган. Анын айтымында, түрмө жетекчилери ага керектүү медициналык жардам алууга тоскоолдук кылып жатат.

Оппозиционердин саламаттыгы акыркы күндөрү кескин начарлап кетип, анын жеке дарыгери жана дагы үч адис, арасында кардиолог жүрөгү “бир заматта” токтоп калышы мүмкүн деп эскертишкен. Алар Орусиянын абактарды көзмөлдөгөн мекемесине кат жазып, Навальныйга кирип чыгууга уруксат сурашкан. Бирок жекшембиде Покровдогу түрмөгө барган дарыгерлер бейтап менен жолуга алган эмес.

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш чукул чара көрүлбөсө, “ал саналуу күндүн ичинде ары карап кетиши ыктымал” деп жекшембиде “Фейсбукка” жазды.

Батыш өлкөлөрү да оппозиционердин абалына камтамасын билдирип келатышат.

Жэйк Салливан. Ак Үй, 12-март 2021-жыл
Жэйк Салливан. Ак Үй, 12-март 2021-жыл

“Биз орус бийлигине Навальный мырзанын түрмөдөгү абалы үчүн жоопкерчилик толугу менен аларга жүктөлөрүн, эл аралык коомчулуктун алдында жооп беришерин айттык. Навальный өлүп калса, Орусияга каршы чара көрүлөрүн эскерттик. Биз азыр аларды карап жатабыз, ушу тапта аны коомчулукка жарыялоонун кажети жок”,-деп билдирди 18-апрелде CNN телеканалындагы маегинде Ак Үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан.

Салливан Вашингтон администрациясы Москва менен дипломатиялык жана жеке каналдардан сүйлөшкөнүн кошумчалап, АКШ жана Еврошаркет Навальныйды куугунтуктоого байланыштуу Орусияга санкция салышканын белгиледи.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги “саясий негизде камалган Навальныйды бошотууга” үндөп, анын саламаттыгына тынчсыздануусун билдирди.

Оппозиционердин тарапкерлери 21-апрелде Москвада, Санкт-Петербургда жана башка ири шаарларда аны колдогон акцияларды өткөргөнү жатышат. Алар “Навальныйга боштондук” деген сайтка митингге катышабыз деген 500 миң кишинин катталышын күтпөөнү чечишти. Буга чейин саясатчыны бошотууну талап кылган акция жарым миллион киши катталганда гана өтөрү айтылып келген. 18-апрелге карай андай ниетин 457 миң киши билдирди. Бир нече күн мурун катталгандар тууралуу базадан жеке маалыматтар ачыкка чыгып кеткени кабарланган.

“Окуялар тез өнүгүп жатат, митингди кечеңдете албайбыз, күтүүгө убакыт жок”, деп түшүндүрүштү уюштуруучулар.

Алардын айтымында, Навальныйдын саламаттыгынан тышкары бийликтин анын Коррупцияга каршы фондун (ФБК) жана штабдарын экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизүү планы ыкчам чара көрүүгө түртүп жатат.

Дал ошол күнгө, 21-апрелге президент Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу пландалган.

Москвадагы акция. 31-январь, 2021-жыл
Москвадагы акция. 31-январь, 2021-жыл

Навальный Германиядагы дарылануудан кайтып келери менен аэропорттон кармалып, абакка жөнөтүлгөндөн кийин январдын этегинде жана февралдын башында уюштурулган митингдерге ондогон шаарларда 100 миңден 300 миңге чейин киши катышкан. Миңдей киши кармалып, бир нечеси соттолду. Ондогон кылмыш иштери козголгон.

Навальный бир нече жыл мурунку иш боюнча ушул февралда 2,5 жылга кесилген. Европанын Адам укуктары боюнча соту ал иш көптөгөн мыйзам бузуу менен каралган деген тыянакка келген.

Былтыр августта оппозиционер ууландырылып, комага түшкөндөн кийин Берлиндеги клиникада дарыланаган. Иликтөөчү журналисттер «Новичок» уулуу заты колдонулган кол салууну орус коопсуздук кызматкерлери жүзөгө ашырганын ачыкка чыгарышкан. Бирок Кремль бул фактыны четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG