Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

Чүй: аялын тирүүлөй көмүүгө аракет кылган адам милицияга сурак берди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Панфилов районунун тургуну, 35 жаштагы эркек 33 жаштагы жубайын тирүүлөй көмүүгө аракет кылган деп шек саналууда. Бул факт райондук милиция иликтейт баштады.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-апрелде жергиликтүү тургун арыз жазып, кошунасы өз аялын тирүүлөй көмүүгө аракет жасаганын маалымдаган.

Ыкчам иликтөөнүн баштапкы маалыматтарына ылайык, үйгө мас абалында келген күйөөсү кызганычтан улам аялын сабаган. Кийин короого сүйрөп чыгып, чуңкурга түртүп, белине чейин көмгөн. Окуяга күбө болгон кошуналары жардамга келип, келинди бошотуп алышкан.

Милицияга сурак берген учурда шектүү жасаган ишин моюнга алып, "жубайын коркутуп коюу" максатында бул кадамга барганын билдирген. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган зомбулук фактылары бир жарым миңге чамалаган.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG