Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Президент Жапаровдун атынан жер жана энергетика тууралуу билдирүү тарады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров атына ачылган "Телеграм" каналда 25-апрелде жер жана энергетика маселелери тууралуу билдирүүлөр жарыяланды.

Биринчи билдирүүдө кайсы жер тууралуу сөз болгону такталган эмес, бирок жалган маалыматтар тарап жатканы белгиленген.

"Акыркы учурда саясий чайкоочулар өздөрүнүн жеке максаттары жана кызыкчылыктары үчүн, ар кандай туура эмес “жалган” маалыматтар менен соцтармактардан бузукулук чакырыктарды таштап элдин башын айландырууда. Билсеңиздер, эч кандай жерлер берилген жок, жерлер алмашуу жолу менен гана учурда сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Элдин макулдугу, эл менен жолугушуу, кеңешүү, түшүндүрүү иштери тыгыз жүрүп жатат. Президент элден качып жашынып жаткан жери жок, күнү-түнү иштеп эл үчүн ак кызматын кылып жатат", - деп жазылган.

Ал эми экинчи кыска билдирүүдө 15 жылдан бери топтолгон оор энергетикалык кризистен чыгуу үчүн реформалар керек экени айтылат.

"Туура түшүнүңүздөр, бай-кедейге бөлгөн эч ким жок. Болгону мүмкүнчүлүгү бар, жашоо-шарты жакшы, жетиштүү үй-бүлөөлөр аз камсыз болгон жарандарыбызга жеңилдиктерди түзүп, ал арада мамлекеттин кризистик абалын да чогуу жеңип чыгуу мамлекеттин реформалуу багыты деп билели", - деген чакырык бар.

Президент Садыр Жапаровдун атынан "Фейсбук", "Инстаграм" жана "Телеграм" социалдык тармактарында бир нече баракчалар бар. Бирок алардын баары расмий верификациядан өткөн эмес.

Президенттин басма сөз кызматы бул эки билдирүүгө байланыштуу расмий түшүндүрмө бере элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG