Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Некролог: Бексултан Жакиев элди руханий кризис мөгдөтүп турганда коомду агартууга салым кошту


Бексултан Жакиев.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын даанышман адамы Бексултан Жакиев руханий жактан өткөөл учурду баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кыйчалыш мезгилинде көсөмдүк, даанышман жактары менен айырмаланып, коомчулуктагы болуп жаткан жат көрүнүштөргө үн кошуп, аксакал катары өмүрүнүн акырына чейин акыл насаатын айтып келди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилеринин, коомчулук өкүлдөрүнүн атынан 26-апрелде жарыяланган көнүл айтууда (некролог) белгиленди.

Жакиев башында драматург катары таанылса, кийин элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турганы, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алганы айтылды.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалы менен сыйланган Бексултан Жакиев 25-апрелде катуу оорудан улам 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштап, кийин Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кинематография комитетинде, Кыргызстан театр ишмерлер союзунда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, 1994-жылдан тартып Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттап, кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ушул күнгө чейин бул драма Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 500дөн ашык жолу, ал эми Казакстандын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу кайра-кайра коюлган. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера, «Саадак какты» драмасы боюнча балет коюлган.

Бексултан Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч жана актуалдуу, жашоонун чындыгын ачып берген «Миң кыял» (1964-ж.), «Алтын аяк» (1967-ж.), «Өкүм (1972-ж.), «Эртең - жаңы жыл» (1975-ж.), «Жолугушуу» (1979-ж.), «Күттүргөн жаз да келээр» (1981-ж.), «Саадак какты» (1982-ж.), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989-ж.), «Жаза» (1990-ж.) жана башка драмалары да элдин сүйүп, издеп окуган чыгармаларына айланган. Мындан сырткары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин да автору («Азамат Алтай», «Бороондуу жолдо», «Встреча в городе ветров») болгон.

Калемгердин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында бүгүнкү күндө да коюлууда.

Көп кырдуу талант катары белгилүү чет элдик жазуучулар Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз котормо адабиятына чоң салым кошкон.

Коомдук ишмер, мекенчил жаран катары Жакиев 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөчүлүк өнөрлөрү боюнча сунушун ЮНЕСКО «Адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври» деп таанып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Некрологдо “Кыргыз Республикасынын маданий, коомдук, саясий турмушунда маанилүү орунду ээлеген, кыргыз тарыхында мыкты инсандардын катарын толуктаган Бексултан Жакиев жогорку адамдык парасаты, бийик адамгерчилиги жана мекенчилдиги менен биздин эсибизде түбөлүк сакталат.Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз” деп жазылды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 26-апрелде Опера жана балет театрынын алдында өттү, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG