Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

COVID-19: Бишкекте кошумча стационарлар ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кийинки аптадан тартып кошумча стационарлар ачылат. Медиктердин мобилдик бригадаларынын саны көбөйөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Артем Новиков коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Мусулмандар диний башкармалыгына жапырт намаз окууну жана ооз ачарды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштайт. Мындан тышкары эл көп катышкан иш-чараларга чектөө киргизилиши мүмкүн.

Расмий маалыматка ылайык, 26-мартка карата Кыргызстанда 94 миңден ашык адамдан вирус аныкталды. Илдеттен 1584 адам көз жумду.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.

Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде калкты жапырт эмдөөгө чакырып, май айында "AstraZeneca" вакцинасы келерин билдирген.

25-апрелге карата 16 миңге чукул кыргызстандык COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG