Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Кыргызстанда Sinopharm менен эмдөө бардык аймактарда башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу 26-апрелде саламаттык сактоо жана өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, Sinopharm вакцинасын 18-65 жаштагы ар бир адам бекер жана өз ыктыяры менен ала алат.

Эмдөө жер-жерлерде ачылган атайын бекеттерде жүргүзүлөт, бул ишке 65 мобилдик бригада да көмөктөшөт.

Кыргызстанда, 26-апрелдеги расмий эсепке караганда, коронавирус 94 030 адамга жукту, алардын 1584ү каза болду.

Өлкөдө коронавируска каршы алгач дарыгерлерди, мугалимдерди жана кооптуу топко киргендерди КытайдынSinoPharm вакцинасы менен эмдөө 29-мартта башталган. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG