Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

Сот активист Тилекмат Кудайберген уулун үй камагына чыгарды


Тилекмат Кудайберген уулу.

Бишкек шаардык соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын бүгүн, 26-апрелде карап, үй камагына чыгарды.

Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгып, кармалган Кудайберген уулун үй камагына чыгаруу маселеси буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча айыпталган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйүндө жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Активист камалгандан кийин нааразылык иретинде ачкачылык жарыяларын айтып, кийинчерээк токтоткон.

Кудайберген уулу жана башка активисттер каршы чыккан Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелдеги референдумда кабыл алынды. Жаңы Баш мыйзамда парламенттин ыйгарым укуктары төмөндөтүлүп, президенттик башкарууга артыкчылык берилген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG