Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Байтерек: Жапаровдун жеке баракчаcы "Фейсбукта" жана "Инстаграмда" гана бар


Садыр Жапаров. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Садыр Жапаров. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Президент Садыр Жапаровдун социалдык түйүндөрдө эки гана жеке баракчасы бар, анын атына байланыштуу калган баракчаларды жана аккаунттарды Жапаровдун тарапкерлери жүргүзүшөт. Бул тууралуу 26-апрелде “Азаттык” радиосуна мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, президенттин “Фейсбуктагы” баракчасы «Садыр Жапаров» деп аталат, “Инстаграмдагысы” «sadyr_japarov» деген аталышта, калгандарына анын жеке тиешеси жок:

“Социалдык түйүндөрдөгү Садыр Жапаровдун атына байланыштуу көптөгөн баракчаларды анын тарапкерлери жүргүзүшөт, башкача айтканда, мамлекет башчынын ал жакта жарыяланган материалдарга түздөн-түз тиешеси жок".

Жапаровдун президент катары расмий верификациядан өткөн баракчасы жок.

Анын расмий сайтына жарыяланган маалыматтар социалдык түйүндөрдө Жапаровдун атын алып жүргөн көптөгөн баракчаларга да жарыяланып турат.

25-апрелде “Телеграмдагы” “Садыр Жапаров” деген каналга “Кыргызстандын бузукулары кимдер? (схема)” деген маалымат жарыяланып, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Быйыл февралда президенттин басма сөз кызматы бул канал президент Cадыр Жапаровдуку экенин “Азаттыкка” тастыктаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG