Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Башкы прокурор жашы жете электер менен жыныстык катнашка баргандардын жазасын жеңилдетүүнү сунуштады


Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

26-апрелде соттук укуктук реформанын алкагында мыйзамдарды кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Ага катышкан башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жашы жете электер менен жыныстык катнашка баргандардын жазасын жеңилдетүү тууралуу айтканы боюнча мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Белек Калыков “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

«Айрым басылмалар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сөзүн бурмалап жатышат. Негизги айтайын дегени, жашы жете элек адам менен жыныстык катнашка барган адамды жазадан бошотуу эмес, алардын айрым категорияларына мурда белгиленип калган жазанын катаалдыгын жумшартуу маселесин кароону гана сунуштаган. Ар бир кылмыш жеке өзгөчөлүгүнө жараша каралат. Ушундан улам кээ бир кылмыштардын жазасын жеңилдетүү керекпи деп сунуш айткан. Мисалы, "17 жаштагы кыз өз эрки менен турмушка чыкса, анын күйөөсүн камап коюу канчалык туура?" деген».

Жумушчу топтун жыйынында Курманкул Зулушев кылмыш, жаза системасын реформалоодо салт-санаага, менталитетке жараша никеге тургандардын ишин өзгөчө кароону мыйзамдарга кошуу зарылдыгын айткан.

“17 жаштагы кыз турмушка чыгып, төрөп, күйөөсү менен жашап жатса, анын күйөөсү жазага тартылып, жети жылдан 10 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. Мындай шартта биздин менталитетти жана салт-санааларды эске алуу керек”, - деген Зулушев.

Кыргызстанда 2016-жылы Үй-бүлө кодексине жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизилип, жашы 18ге толо электер менен никеге турууга тыюу салынган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жаргандардын саны 2013-2014-жылдарга караганда азайганы менен токтоп калган жок. Миң кызга алты төрөт туура келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG