Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Тажикстандан табылган жарандар кыйноого кабылганын айтууда


Kyrgyzstan - Batken -Kyrgyz-Tajik border 15 March 2019
Kyrgyzstan - Batken -Kyrgyz-Tajik border 15 March 2019

Лейлек районунун Бешкент айылынан 19-21 жаштагы жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелде кечке жуук Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган.

Жарандар кайтып келгенден кийин Тажикстандын аскер кызматкерлери өз аймагында кармап турган учурда ур-токмокко алып, аскер бөлүктөрү тууралуу суроолорду узатканын жергиликтүү журналисттерге айтып беришкен.

Кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүгө нота жиберди. Мекеменин маалыматында Тажикстандын укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерине кыргыз тараптын тынчсыздануусу жазылган.

Эки жарандын уурдалып, ур-токмокко кабылышы боюнча «24-апрель күнү Эски-Оочу айылынын эки тургунунун дайынсыз жоголушу Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) менен катталып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Тажик атуулдарынын мыйзамсыз аракеттерине баа берүү үчүн эл аралык Кишинев конвенциясынын негизинде Тажикстан республикасынын укук коргоо органдарына тапшырмалар берилет», - деп билдирди «Азаттык» радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG