Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Жапаров: Атамбаевди качан бошотушарын билбейм, аны сот чечет


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин маселесине кызыкпай турганын билдирди. 27-апрелде Жапаров АКИpress агенттигине курган маегинде “Атамбаевди качан бошотушат деп ойлойсуз?” деген суроого “Аны сот чечет” деп жооп берди.

Жапаров бул маселеге кызыгып көрбөгөнүн, кызыгууга убактысы жок экенин айтып, “Билишимче, Кой-Таш окуясы жана Батукаев боюнча сот болууда. Сураган эмесмин, качан бошотушарын билбейм. Аны сот чечет” деп билдирди.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. 2019-жылы августта кармалган мурдагы президент азыр Бишкектеги №47 абакта отурат. Соңку соттук отурумда анын саламаттыгын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Жапаров 2017-жылы адамды барымтага алуу айыбы менен кармалып, 2020-жылдын октябрында боштондукка чыккан. Ага чейин ал 2013-жылы бийликти күч менен басып алууга шектүү катары бир нече ай тергөө абагында отурган.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева Жапаровго карата ошол кезде саясий куугунтук болгон деген ойго кошуларын билдирген.

Кыргызстан быйыл жаңы Конституция кабыл алып, президенттик башкаруу формасына өттү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG