Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" жана "Инстаграмдагы" баракчасы верификациядан өттү


Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасы.
Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасы.

"Фейсбукта" жана "Инстаграмда" президент Садыр Жапаровдун баракчасы катары таанымал аккаунт расмий тастыктоодон өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек "Азаттыкка" билдирди.

Март айынын башында Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылып, түйүндүн колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.

Буга президенттин аппараты дароо реакция кылып, Жапаровдун баракчасын белгисиз тараптар бузуп киргенин билдирген.

15-апрелде "Фейсбук" компаниясы Садыр Жапаровдун COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүргөн. Анда Галина Байтерек президенттин уу коргошун тууралуу билдирүүсү "тыштан эч кимдин кийлигишүүсүз, жеке демилге" менен өчүрүлгөнүн белгилеген.

25-апрелде “Телеграмдагы” “Садыр Жапаров” деген каналга “Кыргызстандын бузукулары кимдер? (схема)” деген маалымат жарыяланып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек 26-апрелде бул тууралуу комментарий берип, президент “Фейсбукта” "Садыр Жапаров", “Инстаграмда” "sadyr_japarov" деген баракчаны гана колдонорун айткан. "Телеграмдагы" билдирүүнү фанаттардын өзүм билемдиги катары сыпаттаган.

Жапаров өзү социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу экенин, революцияны социалдык тармактар аркылуу жасаганын чет элдик басылмага берген интервьюсунда айткан. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG