Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Активист Бакай Кашкарбаевдин кызматка дайындалышы тууралуу маалымат берилди


Бакай Кашкарбаев.
Бакай Кашкарбаев.

Активист Бакай Кашкарбаев айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине коомдук кеңешчи болуп бул мекеменин жарандык коом менен кызматташтыгын арттыруу максатында дайындалды. Бул тууралуу 27-апрелде Бишкекте өткөн брифингде министр Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Министр журналисттин “Кеңешчи болгондо бакырчаак адамдарга ишенесизби же айыл чарбасын мыкты билген адамдаргабы?” деген суроосуна жооп берип жатып, коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматкер эмес экенин, аны менен эмгек келишими түзүлбөгөнүн, акча төлөнбөй турганын айтты:

“Бакай Кашкарбаевдин элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен. Эмне үчүн пайдаланбайбыз? Бир сом акча төлөбөсөк, иш бөлмө бербесек, иш сапарга каражат бөлбөсөк… Биздин саясатты жер-жерлерге жеткирип, элдин мүдөөсүн мага жеткириши керек”.

«Элдик көзөмөл» кыймылынын жетекчиси Кашкарбаев президент Садыр Жапаровдун тарапташы катары таанылган. Ал 2020-жылы март айында Бишкекте ошол кезде түрмөдө отурган Жапаровду колдоо митингин алып барган жана башаламандыктан кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталып, камалып чыккан. Ошол жылдын октябрь окуяларынан кийин анын Жапаровго “Эл кадр саясатына нааразы болуп жатат. Садыр байке, эмнеге кабинетке кирип алып эле дайыныңар жок? Же кире албайбыз, же үнүбүз жетпейт сизге!” деп кыйкырып, ыйлап сүйлөгөн видеосу интернетте тараган.

Башкы прокуратура Кашкарбаевге карата Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» деген беренесинин негизинде 2020-жылдын ноябрында башталган териштирүү уланып жатканын быйыл январда билдирген.

Активист өзү Айыл чарба министрлигиндеги кеңешчилик кызматы боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG