Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Аскар Акаев: Кыргыз коомунда бийлик алмаштыруу "вирусу" күчөдү


Аскар Акаев
Аскар Акаев

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Youtube” порталындагы “Автор ТВ” аттуу каналга маек куруп, кызматта турган маалдагы ишмердиги, үй-бүлөөсүнүн бийликтеги орду, чек ара маселеси, Аксы окуялары жана Кумтөр кени тууралуу пикирин билдирди.

Анда Акаев акыркы учурда кыргыз коомунда кыйкырык сүрөөн менен бийлик алмаштыруу адатка айланганын айтты.

“Октябрдагы бийлик алмашуу мага мыйзам ченемдүү болуп көрүнүп калды. Себеби, көчө таптап жүргөн миң адамды чогултуп барып эле өкмөт үйүн басып, бийликти тартып алышууда. Акыркы бийлик алмашуудан мен эч кандай жаңылыкты көргөн жокмун. Бул абалга кейидим”.

Кыргызстанда эгемендик жылдары беш президент алмашты. 1991-жылы мамлекет башына келген Аскар Акаев 2005-жылы март ыңкылабынан кийин өлкөдөн Орусияга качып кеткен. Ал ошондон бери үй-бүлөөсү менен Москвада жашап жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG