Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кыргыз-тажик чек арасында эки адамга таш тийип ооруканага жеткирилди


 Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы "Головной" суу тосмосу. Архивдик сүрөт.

Баткендеги “Азаттык” радиосунун кабарчысынын айтымында, азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасында эки тарап бири-бирине таш ыргытып жатышат. Кыргызстандык эки адамга таш тийип, ооруканага алып кетишти.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына жакын жерде Ак-Суу дарыясынын суу бөлүштүрүүчү жайында ("Головной")тажик тарап электр мамысына видео байкоо камерасынын экинчисин орнотуп жаткан учурда аларды Кыргызстандын чек арачылары токтоткон.

Кырдаал боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан учурда Тажикстан тараптан ок атылган. Окуя боюнча коңшу өлкөнүн расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

"Азаттыктын" тажик кызматы Кожалы ( Хожа Аъло) айылынын тургунуна таянып 15 тажик жаранына таш тийгенин жазды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы расмий билдирүү бир аздан кийин берилерин билдирди.

17-апрелде да ушул эле Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыгып, тирешүү болгон.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга берилгенин билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келгенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан.

Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес. (JsA)

XS
SM
MD
LG