Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Новиков: Кыргызстандын калкын толук эмдөө үчүн 2 млн. доза вакцина керек


Бишкектеги эмдөө борборлорунун бири.
Бишкектеги эмдөө борборлорунун бири.

Вице-премьер-министр Артем Новиков Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын калкын коронавируска каршы толук эмдөө үчүн 2 млн. доза вакцина талап кылынарын айтты.

Анын айтымында, тобокел топко кирген калктын катмарын эмдөө күзгө чейин аяктап, калган тургундарды эмдөө бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

«Өлкөгө Кытайдын 150 миң вакцинасы келди, аны менен 15 миңден ашуун адам эмделди. Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келди. Май айында дагы 40 миң доза келери күтүлүүдө. Июнда андан кийинки алып келүүнүн тартибин сүйлөшөбүз. Орусиянын Тикелей инвестициялар фонду менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 1 млн. доза вакцина алып келүү боюнча келишимге кол койгон. Азыр Орусияда вакцинага талап көп болгондуктан, өндүрө алышынча чет өлкөлөргө сатып жатат”, - деди Новиков.

Новиков эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген “AstraZeneca” вакцинасынын 400 дозасы келерин да айтты.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына караганда, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 вирусуна каршы эмделгендердин саны 20 миңден ашты. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG