Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет


Экинчи дүйнөлүк согуштун Кыргызстандагы ардагерлеринин ар бирине 70 миң сомдон берилет. Мындай буйрукка президент Садыр Жапаров бүгүн 28-апрелде кол койду.

Кыргызстанда соңку бир жылда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери теңине чейин азайды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 27-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиргендей, быйыл 1-апрелде өлкөдө бул согуштун 146 ардагери бар экени белгилүү болгон. Былтыр ушул маалда алардын саны 241 болчу.

146 ардагердин 33ү согуштун майыбы, 85и катышуучусу, 13ү бала кезинде концлагердин туткуну болгондор, ал эми 15и Ленинград блокадасында калгандар. Мындан тышкары оруктун эмгекчилеринен 1304 адам, эмгек армиячыларынан экөө бар.

1941-1945-жылкы согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. (MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG