Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

БУУ чыр-чатактарда жарандык калкты коргоого чакырды


БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча жыйыны. 2019-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча жыйыны. 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши куралдуу чыр-чатактар жүрүп жаткан учурда тынч жарандарды коргоо боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Бул резолюциянын негизги мазмунунда негизинен согуш аракеттери жүрүп жаткан зоналарда калып кеткен жарандык калкты азык-түлүк, суу жана медициналык тейлөө менен камсыздоо тууралуу сөз болду. Чыр-чатактарга аралашпаган жайкын тургундардын тирүү калуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо кепилдиктери белгиленген.

БУУнун баш катчысынын орун басары Марк Лоукок согушка аралашпаган жарандык калкка ыдык көрсөткөн учурлар жетиштүү экенин айтып, Йеменден баштап, Сирия, Түштүк Судан, Украина жана Нигерияны мисал келтирди.

«Кандай гана болбосун азык-түлүк коруна жана азык-түлүк түзүмдөрүнө кол салуу жол берилгис нерсе», - деди Марк Лоукок БУУнун Коопсуздук кеңешинин онлайн-жыйынында. Ал суу берилбей калган кичине эле өзгөрүү чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Резолюциянын текстин бул айда Коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жаткан Вьетнам сунуштады. Документте куралсыз элге каршы багытталган кол салуулар чечкиндүү түрдө айыптала турганы көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG