Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Бажы кызматы төрт айда 11,6 миллиард сом чогултту

Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылы январь-апрель айларында 11 миллиард 640 миллион сом чогултту. Бул тууралуу вице-премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Маалыматка ылайык, бул каражат планда көрсөтүлгөндөн кыйла аз.

Өлкө казынасына каражаттын көпчүлүк бөлүгү Мамлекеттик салык кызматы менен Бажы кызматынан түшөт.

2021-жылга карата Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом деп кабыл алынган. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 млрд. 463 млн. сом.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу ишкерлик токтоп, чек аралар жабылып эки тармактан тең салык аз чогултулган жана жыл аягында бюджеттин таңкыстыгы 30 млрд. сомго жеткен. (MiK)

​
XS
SM
MD
LG