Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат


Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар.
Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» бекети аркылуу жүк ташыган автоунаалар.

Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Мындай тартип Кытайдагы “Эмгек” майрамына байланыштуу киргизилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 5-майдан тартып жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG