Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Ош мэриясы "Алай" футбол клубун өзүнө каттай турган болду


«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 2019-жыл.
«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 2019-жыл.

Ош шаардык мэриясы эркин журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө айтылган фактылар боюнча чара көрүп, "Алай" футбол клубун мунициалдык ишкана катары каттап, тосулган тротуарды бошотот.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Тиешелүү кызматтар иштеп жатат. "Алай" футбол клубу муниципалдык ишкана катары каттоодон өттү», - деди Абсаттаров.

Ыдырыс Исаков 27-апрелде “Алай” футбол клубунун кожоюндары тууралуу “Айлыгынан байлыгы көп Аматовдор” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда "Жеке менчик футбол командасы эмне үчүн Ош шаардык казынасынан каржыланып келатат?" деген суроого басым жасалган.

Иликтөөдө Юстиция министрлигинин расмий сайтына таянып көрсөтүлгөндөй, “Алай” профессионалдык футбол клубуна төрт адам ээлик кылат. Алар: Алмазбек Сулайманов, Полот Тувашев, Сейитбек Аматов жана Асилбек Майлыбаев.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын да, клубдун да жетекчилиги ал муниципалдык команда экенин, ага шаар башкармалыгы ээлик кыларын айтууда. Иликтөөчү журналисттин белгилешинче, “Алай” клубу Ош шаарында 1960-жылы “Ош” деген ат менен түптөлгөн, кийин ал табышмактуу жагдайда Аматовдордун жеке менчигине өтүп кеткен жана ага шаар бийлиги жыл сайын 20 миллион сом бөлөт”. (DU/MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG