Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Суваналиев: Тажикстандын "Головной" тууралуу сунушуна макул эмеспиз

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы үч айыл аймагында күчөтүлгөн тартипте иштөө режими жарыяланды. Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" соңку кырдаал тууралуу чакан маек курду.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Баткен районунун Көчө-Бою аттуу жеринде абал курчуп кеткенин, ок атылганын билдирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташып калдыбы?

Өмүрбек Суваналиев: Кечээтен баштап чек арадагы кырдаал чындап курчуп кеткен. Эки элдин ортосунда таш ыргытылып, кээ бир жерде мылтыктын үнү угулуп жатты. Түндө дагы ок атылган учурлар болуп жатты. Азыркы учурда биз тараптан бир жаран октон жарадар болду. Ал Лейлек райондук ооруканада дарыланып жатат. Мындан тышкары таш ыргытканда ар кандай жаракат алгандар дагы бар.

Азыркы учурда ок тийген башка жарандар жөнүндө ар кандай маалыматтар тарап жатат. Бирок милициянын каттоосунан өткөн бир эле учур бар. Чек арадагы кырдаал түндөгүгө салыштырмалуу турукташып калды. Азыркы учурда Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарына күчөтүлгөн тартипте иштөө режими киргизилди.

"Азаттык": Чыр чыккан күнү “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүү жай боюнча эки тараптуу жолугушуу болгону айтылган эле. Ал жерден орток пикирге келе алган жоксуздарбы?

Өмүрбек Суваналиев: 28-апрель күнү 11:30дан баштап 14:30га чейин Баткен облусундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктундагы нейтралдуу аймакта эки тараптуу жолугушуу болгон. Ал жерге Согд облусунун жетекчиси өзү келген. Биздин делегацияны мен жетектеп баргам. Ошол жерден бүт позицияларды сүйлөшүп, ортодогу маселерди чечип койгонбуз. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Согд облусунун жетекчиси Исфара районунун акимине “Головнойдо” орнотулган камераларды алып салуу тапшырмасын берген. Ал макул болуп, суу бөлүштүрө турган жерге Согд облустук милициянын жана атайын кызматтын жетекчилеринин коштоосунда келген. Ал жерде биздин күч органдарынын жетекчилери дагы барган. Бирок Исфаранын акими жеринде камераларды албай турганын айтып баштады. Анан эле эки тараптан эл чогулуп, жыйынтыгында ташбараң болуп кетти. Мурдагы чырдын бардыгы жер же суу талаштан чыкса, бул жолу видео камералар үчүн болду.

"Азаттык": Жаңжал чыккандан кийин Тажикстандан расмий бийлиги менен сүйлөшүүлөр болдубу? Бул окуяда алардын позициясы кандай болуп жатат?

Өмүрбек Суваналив: Мен түнгө чейин Тажикстандан Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаттым. Мунун жыйынтыгында таш атуулар токтоп калган болчу. Чек арада ок атылгандан кийин аны менен сүйлөшүү мүмкүн болбой калды. Анткени Раджоббой Ахмадзода Душанбе шаарына учуп кеткен экен. Ал 29-апрелде Душанбе шаарынан байланышка чыкты. Ортодогу чыңалууну жөнгө салуу ниети бар экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырма бергенин айтты. Эртең, 30-апрелде Согд облусуна учуп келет экен. Андан кийин биринчи мүмкүнчүлүк болору менен жолугушабыз.

"Азаттык": Чек арадагы жаңжалдын чыгышына негиз болгон суу бөлүштүрүүчү жай “Головной” боюнча Тажикстан талап коюп жатабы?

Өмүрбек Суваналиев: “Головнойдун” башкаруусу башынан эле бизде болуп келген. Ортодогу келишим боюнча апрель-май айларында сууну толугу менен Тажикстанга беребиз. Алар ушул эки айда “Головнойго” чогуу көзөмөл кыларын айтып жатышат. Буга биз макул болгон эмеспиз. Анткени “Головной” Баткен районунун балансында турат. Суу бөлүштүрө турган жер башынан эле бизге карайт.

Кыргыз-тажик чегиндеги абал

Көк-Таш айылы, Баткен.
1/17 Көк-Таш айылы, Баткен.
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Көк-Таш айылы, Баткен. 
2/17 Көк-Таш айылы, Баткен. 
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Баткен облусундагы "Азаттык" радиосунун кабарчысы бүгүн, 29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды салган алгачкы микроавтобус Баткен шаарына келгенин маалымдады.
3/17 Баткен облусундагы "Азаттык" радиосунун кабарчысы бүгүн, 29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды салган алгачкы микроавтобус Баткен шаарына келгенин маалымдады.
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
"Тажик тарап 28-апрелде “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган, бул ок мергенчи мылтыгынан чыкканы божомолдонууда", - деп маалымдаган Кыргызстандын Чек ара кызматы.
4/17 "Тажик тарап 28-апрелде “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган, бул ок мергенчи мылтыгынан чыкканы божомолдонууда", - деп маалымдаган Кыргызстандын Чек ара кызматы.
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Көк-Таш, Баткен. 
5/17 Көк-Таш, Баткен. 
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Көк-Таш, Баткен. 
6/17 Көк-Таш, Баткен. 
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
7/17
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Көк-Таш айылынын тургундары. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын кабарлады.
8/17 Көк-Таш айылынын тургундары. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын кабарлады.
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
9/17
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай да Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
10/17 Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай да Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Көк-Таш, Баткен. 
11/17 Көк-Таш, Баткен. 
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
12/17
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
13/17
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Тажикстандын аскерлери "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында окоп казып, желегин орнотуп алган сүрөт социалдык тармактарга тарады. 
14/17 Тажикстандын аскерлери "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында окоп казып, желегин орнотуп алган сүрөт социалдык тармактарга тарады. 
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Тажикстандын аскерлери "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында окоп казып, желегин орнотуп алган сүрөт социалдык тармактарга тарады. 
15/17 Тажикстандын аскерлери "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында окоп казып, желегин орнотуп алган сүрөт социалдык тармактарга тарады. 
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
16/17
28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
<p>Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү Баткендеги акыркы окуялар боюнча билдирүү таратты.</p>

<p>Анда тажик тараптын социалдык медиада &quot;кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат&quot; деп таркатып жаткан маалыматтарды төгүндөп, мындай кабарлар кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмалап жатканы айтылат.</p>
17/17

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү Баткендеги акыркы окуялар боюнча билдирүү таратты.

Анда тажик тараптын социалдык медиада "кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат" деп таркатып жаткан маалыматтарды төгүндөп, мындай кабарлар кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмалап жатканы айтылат.

28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тынчый элек.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG