Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Чек ара кызматы беш өткөрмө тозоту аткылоого кабылганын билдирди


Баткен облусу.
Баткен облусу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 29-апрель, саат 17:00дөн тартып тажик тарап “Капчыгай”, “Миң-Булак”, “Достук”, “Кожогар” жана “Булак-Башы” чек ара өткөрмө тозотторун аткылай баштаганын кабарлады. Баткен чек ара курамынын "Достук" чек ара тозотунун имараты өрттөнүп кеткени маалым болду.

"Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында абал курч бойдон калууда. Исфара-Ворух жолун Кыргызстандын жарандары жаап салышкан. Саат 14:05тен тартып “Головной” тилкесинде эки тараптын аскерлери атыша баштаган. Натыйжада бир нече аскер кызматкери жарадар болду. Тажик тараптын ок атуусуна жооп катары Чек ара кызматынын “Бөрү” деп аталган атайын аскер тобу Тажикстандын “Кожали” чек ара тозотун ээлеп алды. Кыргыз-тажик чек арасына эки тараптан тең куралдуу күчтөр чогулууда”, - деп билдирди Кыргызстандын чек ара мекемеси.

Тажикстанда Кыргызстан менен чек арага кошумча күч жиберүү маселеси каралбайт. Бул тууралуу Азаттыктын" тажик кызматына өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү маалыматы бар булагы билдирди. "Исфарада Тажикстандын Коргоо министрлигинин бөлүмү жайгашкан. Эгерде зарылчылык болсо чек арачыларга жардамга барат" - деп түшүндүрдү.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган. 29-апрелде жаңжал уланып, соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан жалпысынан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. 28-апрелде жети киши жабыркаганы кабарланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG