Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Тышкы иштер министрлери чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрель, кечки саат 20:00дө эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

“28-29-апрелдеги эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында орун алган окуялардан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин сүйлөшүп, абалды дипломатиялык, тынчтык жолу менен жөнгө салууну макулдашты. Министр Казакбаев кыргыз тарап башка өлкөнүн жерине көз артпаганын, ошол эле маалда өз жерин бербестигин айтты. Чек арага жакын райондордо коопсуздукту камсыздоо, эки элдин ортосундагы чыңалууга жол ачкан бардык маселелерди райондук, облустук, мамлекеттик деңгээлде чечүү макулдашылды”, - деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаган билдирүү таратты.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. 28-апрелде жети киши жабыркаганы кабарланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 29-апрель, саат 20:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында бир адам каза болуп, 31 киши жаркат алганын маалымдады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG