Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Жогорку Кеңештин төрагасы митингге чыккандар менен жолукту


Талант Мамытов митингге чыккандар менен жолукту.
Талант Мамытов митингге чыккандар менен жолукту.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 29-апрелде кечке жуук Өкмөт үйүнүн алдына чек ара маселеси боюнча акцияга чыккандарга жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Өкмөт үйүнүн алдында саат 14:00дөн бери Баткендеги чек арага байланыштуу көйгөйдү чечүүнү талап кылып, бир нече адам чогулуп турган. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдон, президент Садыр Жапаровдон элдин алдына чыгууну талап кылышкан.

Талант Мамытов акциянын катышуучуларын тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып, маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын билдирди.

“Азыр эле биз Баткен облусундагы кырдаал тууралуу УКМК менен ИИМдин өкүлдөрүнүн маалыматын уктук. Мамлекеттик органдардын баары кырдаалды жөнгө салуунун үстүнөн иштеп жатышат. Чек ара кызматынын башчысы Баткен облусуна учуп кетти”, - деди төрага.

Бүгүн Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде ок атылды. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстан тогуз адам жаракат алганын кабарлоодо.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Капчыгай», «Мин-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок атканын кабарлады. Анын жыйынтыгында «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожо Алло” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну токтотуу жана аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерге кайтаруу макулдашылганын кабарлады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG