Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Израилдеги диний майрамда сахна кулап, ондогон адам каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Израилдеги Мерон тоосунда жылына майрамдалчу диний Лаг ба-Омер майрамында сахна кулап кетип, ондогон адам каза таап, жүздөн ашуун киши жарадар болду. Бул тууралуу Израилдин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

"Jerusalem Post" гезитинин маалыматына караганда, жаракат алган 103 кишинин 38и оор абалда. "Гаарец" гезити ондогон киши мүрт кеткенин кабарлады. Израилдин медициналык куткаруу кызматы кеминде 38 адам каза болгонун, алты адам өтө оор абалда, 18и оор, экөө орто жана 39 киши жеңил жаракат алганын маалымдады.

Окуядан кийин Израил полициясы жабыр тарткандарга аскерий тик учактар, куткаруу бригадасы менен жардам берди.

Израилдин президенти Реувен Ривлин "Твиттерге": "Мерон тоосундагы окуяга өтө тынчсызданып жатам, жарадар болгондор тез сакайып кетсин", - деп жазды.
Раввин Шимон Бар Йохаянын Мерон тоосундагы бейитинин жанына Лаг ба-Омер майрамына Мерон тоосуна ондогон израилдиктер чогулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG