Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Чек арада каза болгон аскердин сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү


Баткен. 2021-жылдын 29-апрели.
Баткен. 2021-жылдын 29-апрели.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда каза болгон аскердин сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу 30-апрелде "Азаттык" радиосуна агасы Амантур Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, иниси Эсентур Кубанычбековду Баткенге Нарындан 13-апрелде жөнөтүшкөн. 30 жаштагы аскер Нарындын Ак-Муз айылында туулган.

Командирлик кызматты аркалап жаткан жоокер 30-апрелге караган түнү каза болгону айтылды. Ал үч бир туугандын ортончусу болчу.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланды. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG