Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Министрлик: Чек арада жараат алгандар 134 адам, алардын 13ү каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Алардын 25ин атайын учак менен Баткенден Бишкекке алып келип, үч ооруканага жаткырышты. Эки бейтаптын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат, калгандары орточо жана канааттандырарлык абалда.

Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта 28-апрелде чек ара чыры чыгып, 29-апрелде абал курчуган.

Тажик тараптан 90дой адам жараат алып, он чактысы каза болгонун бейрасмий булактар кабарлоодо.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG