Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Чек ара чырынан жарадар болгондордун саны 124 адамга жетти


Баткендеги оорукана.
Баткендеги оорукана.

28-29-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон кагылышуулардан жаракат алгандардын саны 30-апрель күнкү таңкы саат 07:00гө карата 124 адамга жетти. Ошондой эле жаңжалда үч киши каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигининин басма сөз кызматы кабарлады.

Чек ара тилкесиндеги кагылышуудан жарадар болгон 25 адамды министрлик атайын борт менен Бишкекке алып келди. Бейтаптар Бишкектеги траматология, ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпиталь жана улуттук хирургия борборуна жатыкрылды. Алардын арасында абалы оор жана ортолор бар.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

30-апрелге ооган түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар куралдуу кагылышты токтотуу тууралуу биргелешкен документке кол коюшту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди. Бирок ага карабастан түндө Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз айылдарында үйлөр өрттөнүп, атышуулар болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG