Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Чек арада каза болгон Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү жерге берилди


Чыңгыз Темирбаев.
Чыңгыз Темирбаев.

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы ок атуу учурунда каза болгон 26 жаштагы Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү 30-апрелде жерге берилди.

Маркумдун классташы, өзүн Акжол деп тааныштырган жигит “Азаттыкка” айтып бергендей, ал 29-апрелде каза болгон:

Чыңгыз Темирбаев классташы Акжол (арткы фондо) менен.
Чыңгыз Темирбаев классташы Акжол (арткы фондо) менен.

“Кичи пейил, бардыгына активдүү катышкан, көңүл бурган жакшы досубуз эле. Балким ок тийгендир, эки снайпер иштеп жаткан деп айтышты. Досум бир туугандарынын эң улуусу болчу. Үй-жай салып, бөлүнсөм деген ниети болсо керек”.

Темирбаев Бужум айылынын тургуну болчу. Артында эки баласы калды.

Классташынын айтымында, эки-үч ай мурда кичүү баласы төрөлгөн, улуусу чоңоюп калган.

Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү 30-апрелде жерге берилди.
Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү 30-апрелде жерге берилди.

Жалпысынан Көк-Таштагы атышуу учурунда Бужум айылынан төрт киши каза болду.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG