Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө бөлүгү ачылып, каттам калыбына келди. Бул тууралуу 30-апрелде саат 21:00дө облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик тарап Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара бекетинен жана Тажикстандын “Гулистон” чек ара бекетинен куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти.

Ошондой эле Тажикстандын негизги бөлүгүн Ворух анклавы менен байланыштырган Исфара-Ворух жолу да ачылды.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт. Ворух – Тажикстандын Кыргызстандагы анклавы.

Баткен облусунун бийлиги аймакта абал турукташып жатканын билдирди.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында эки тараптан атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

Тажик бийлиги жабыр тарткандар тууралуу расмий маалымат бере элек. Маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 12 жаран мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Маалыматка караганда 90 адам жараат алды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG