Эки өлкө ок атышпоону макулдашты | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 01.05.21
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон кыргызстандыктардын саны 34кө жетти. Тажик тарап ушуга чейин каза болгондордун санын ырасмий айта элек. Журналисттер 15 тажикстандык набыт болгонун жазышууда. Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери телефон аркылуу чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Андан көп өтпөй эки өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын башчылары Ташиев менен Ятимов Баткенде жолугуп, ок атышууну толук токтотуу боюнча протоколго кол коюшту. Лейлек районуна гуманитардык жардам жеткирүү кыйындап, күйүүчү майга, кээ бир күнүмдүк товарларга таңкыстык жаралды.
Чыгарылыштар
-
Февраль 10, 2026Ташиев кызматтан эмнеге алынды? | Жаңылыктар | 10.02.2026
-
Февраль 09, 2026Президенттик шайлоо качан болот? | Жаңылыктар | 9.02.2026
-
Февраль 06, 2026Жапаров Туманбаевге катуу эскертүү берди | Жаңылыктар | 6.02.2026
-
Февраль 05, 2026"Жашоо аябай кымбаттап кетти" | Жаңылыктар | 5.02.2026