Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Казакстан 54 өлкө менен визасыз каттамды декабрга чейин токтотту


Алматы аэропорту, 14-май 2020-жыл.
Алматы аэропорту, 14-май 2020-жыл.

Казак өкмөтү коронавирустан улам 54 өлкө менен визасыз каттамды убактылуу токтотуу тууралуу чечимин декабрга чейин узартты. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 4-майда билдирди.

Визасыз каттамды токтотуу чечими былтыр коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында кабыл алынган. Анын мөөнөтү үч күн мурда бүткөн. Чектөөнү узартуу чечими COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды.

Казак бийлиги 2012-жылы АКШ, Канада, Улуу Британия, Австралия баштаган 57 өлкөнүн жарандарына Казакстанга визасыз каттоого уруксат берген.

Өкмөттүн соңку чечимине ылайык, алардын ичинен Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Кореянын жарандары Казакстанга ээн-эркин каттай беришет.

Расмий маалымат боюнча, 18,8 миллиондой калк бар Казакстанда 4-майга карата 330 миңден ашуун адам коронавирусту жугузуп алды. Алардын 3762 COVID-19 илдетинен көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG