Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Ооган бийлиги талибдердин чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады


АКШ күчтөрү Гильменддеги "Антоник" базасын ооган тарапка өткөрүп берип жаткан учур, 2-май 2021-жыл.
АКШ күчтөрү Гильменддеги "Антоник" базасын ооган тарапка өткөрүп берип жаткан учур, 2-май 2021-жыл.

Ооган бийлиги өлкө түштүгүндөгү Гильменд провинциясында талибдердин соңку 24 сааттын ичиндеги чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады.

Провинциянын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Аттаулла Афган 4-майда билдиргендей, "Талибан" кыймылы дүйшөмбү күнү региондун борбору Лашкаргахка бир нече тараптан чабуул койгон. Айрым көзөмөл пункттары талибдердин колуна өтүп кеткен.

Бирок ооган армиясы аба соккулары жана атайын даярдыктагы аскерлердин жардамы менен козголоңчуларды артка сүрүп чыгарган. Ошентсе да кагылышуулар 4-майда да уланып жатканы кабарланды.

Буга чейин Ооганстандын Коргоо министрлиги соңку күндөрү кеминде алты провинцияда талибдердин чабуулдары күчөгөнүн билдирген.

Өкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын мындай кагылышуулары АКШ 1-майда өз аскерлерин Ооганстандан чыгаруу жараянын баштаган учурга туш келди. Эки күн мурда америкалыктар Гильменддеги бир базаны ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берген.

Президент Жо Байдендин буйругунун негизинде 2,5 миңдей америкалык аскер ооган жергесинен 11-сентябрга чейин толук чыгып кетиши керек.

Ооганстандын ичинде да, сыртында бул чечимди кубаттагандар да, анын кесепетин эскерткендер да бар. Айрымдар чет өлкөлүк күчтөр өлкөдөн толугу менен чыгып кетсе, талибдер кайра бийликти басым алышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG