Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:49

Британия «Чоң жетиден» чечкиндүү кадамдарды күтөт


Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Лондон. 3-май, 2021-жыл.
Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Лондон. 3-май, 2021-жыл.

4-майда Лондондо «Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин үч күндүк жыйыны башталат. Бул пандемия башталгандан берки министрлердин алгачкы жолу бетме-бет жолугушуусу болот. Анда негизинен Кытай жана Орусиядан келип жаткан глобалдык коркунучтар талкууланары күтүлүүдө.

Британия 4-майда «Чоң жетиге» кирген өнөктөштөрүнөн демократиялык мамлекеттерди Кытай менен Орусия тараптан жаралган глобалдык коркунучтардан коргоо үчүн чечкиндүү кадамдарды күтөт.

«Британиянын «Чоң жетиде» төрагалык кылышы - ачык демократиялык коомдорду бириктирүүгө мүмкүнчүлүк жана ошол эле учурда жалпы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы келип турганда биримдикти көрсөтүү»,-деди Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб.

Дүйшөмбүдө Рааб АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукту. Бул Блинкендин мамлекеттик катчы кызматына келгенден кийинки Лондонго биринчи жолу барышы.

Биргелешкен басма сөз жыйынында Блинкен АКШ Кытайдан эрежелерди сакташын гана талап кыларын айтты:

«Биздин максат Кытайды тизгиндөө эмес. Болгону биздин мамлекеттер ондогон жылдардын бери салымын кошкон эрежелерге негизделген эл аралык тартипти сактаганга аракет кылып жатабыз. Анан Кытай сыяктуу кайсы бир мамлекет өзүнө алган милдеттенмелер аркылуу маселелерин чечпестен, бул эрежелерге негизделген тартипти бузганга аракет кылганда, биз аны коргошубуз керек».

«Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери демократия дуушар болгон коркунучтар жана адам укуктары, эркиндиктери тууралуу Лондондогу жолугушуунун экинчи күнүндө талкуулашат.

4-майга белгиленген жолугушуунун алдында Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас дүйнөдөгү авторитардык бийликтер «бизди бири-бирибизге каршы үндөп жатат» деп айтты.

Жыйында Бирмадагы төңкөрүш жасагандардын башында тургандарга санкцияларды кеңейтүү, февралда бийликке келген аскер хунтасына каршы катаал турумду кармануу менен гуманитардык жардамды көбөйтүп, курал-жабдык жеткирүүгө эмбарго киргизүүнү талкуулашат.

Ошондой эле Орусиянын аракеттери, анын ичинде Украина менен чек аралаш аймакка аскерлердин киргизилиши жана Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйдын түрмөгө камалышы да көтөрүлөт. Андан тышкары министрлер Ливия, Сирия Иран, Түндүк Корея, Балкан мамлекеттериндеги абалды талкуулап, Эфиопиядагы зомбулукту айыпташары күтүлүп жатат.

«Чоң жетиге» экономикасы өнүккөн жети мамлекет-Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ кирет.

Бул жолу Австралия, Түштүк Корея жана Түштүк Африка мамлекеттеринин өкүлдөрү конок катары чакырылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG