Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

Эвересттеги Эдуард Кубатов: Тоо мени “кабыл алды”


Эдуард Кубатовдун Эвересттен тартылган сүрөтү.
Эдуард Кубатовдун Эвересттен тартылган сүрөтү.

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов “Жети чоку” экспедициясынын курамында Эвересттин 6550 метрлик чекитин багындырды.

Кубатов бир нече күнгө эс алууга ылдый түшүп, эми кийинки “жортуулга” – 7500 метрлик белгиге аттанды. Анын алдында “Азаттыктын” кабарчысы менен “чоң тоо” тууралуу баарлашты.

- Азыр кайсы бийиктиктесиз?

- Биз Эвересттин экинчи жогорку лагеринен 5360 метр бийиктикте жайгашкан базага эс алууга түштүк. Жакында 7500 метрде жайгашкан лагерге барып, ал жерде үч күн болобуз. Бул дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырууда дененин даярдыгын көрсөтчү башкы сыноо.

- Төмөнкү лагерге түштүк дедиңиз. Эмне үчүн? Ушунчалык жогору чыккандан кийин кайра түшүш керек беле?

- Мындай бийиктиктерге даярдык бир нече баскычтан турат жана алар мындай болот: бийиктикке чыккандан кийин эс алуу үчүн ылдый түшөбүз, күч топтоп алып мурункудан да бийик кырга чыгабыз. Мындай көрүнүш үч жолу уланат. Төртүнчүсүндө гана эң бийик чокуга чыгууга аракет кылабыз. Себеби бийиктикте организмдин ресурстарын коротобуз. Эми 7500 метрлик бийиктикти багындырууга аттанып жатабыз. Анда бир нече күн болуп, кайра эс алуу жайына түшөбүз. Андан кийин гана башкы чокуну – 8848 метрди багындырууга талпынабыз.

Эдуард Кубатов Эверестте
Эдуард Кубатов Эверестте

- Эдуард, экспедиция качан башталды жана чокуга качан жетесиңер?

- Экспедиция 13-апрелде башталды, 12-апрелде Катмандуга келип, жогору чыга баштадык. Катмандудан негизги базага чейинки жол эң кызыктуу жана жеңил бөлүк. Андан соң 3 олуттуу баскыч башталат, климаттык шарттарга көнүп, чокуну багындырууга даярданыш керек.

- Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Акыркы “чабуулдун” алдында күч топтош керек дедиңиз го, ал үчүн эмнелер зарыл?

- Азыр өзүмдү жакшы сезип турам. Тоодо дайыма бир оору боло берет, эми жөтөл башталды. Бирок климатка көнүп калдым, тоо мени "кабыл алды". Алдыга жылууга күчүм толуп турат.

- Организм кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду? Салмагыңыз өзгөргөндүр.

- Мен ар бир баскычта селфи кылып, жүзүмдү сүрөткө тартып жатам. Өзүм үчүн да кызык болууда, анткени өзүмдү тааныбай баратам. Бийиктик жана чоң тоо адамдын денесин да, жүзүн да, жан дүйнөсүн да өзгөртөт. Мен 3-3,5 килограммга арыктадым. Бирок булчуңдарым чың бойдон.

Кубатов
Кубатов

Моралдык жактан да өзгөрүүлөр бар экенин айта алам, анткени чоң тоолор – бул ири сыноолор.

Интернетке жеткенде Баткенде болгон окуяларды билдим. Баткендин жашоочуларына, чек арачыларга, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга көңүл айтып, кайрат тилейм. Мурунку жоокер катары, ал жер ыйык экенин айткым келет.

- Ушундай ири тоо менен коңшулук, тагыраагы аны багындыруу, сизди философиялык ой-толгоолорго түртүп жатабы?

- Менин жашоом Эверестке чейин жана андан кийин деп бөлүнгөнү турат. Бул тоо мени аябай чоң өзгөрүүлөргө дуушар кыларын сезип турам.

- Эверестке чыгуудан мурда бир топ даярдык көрдүңүз да. Буга чейин Килиманджаро чокусуна чыкканыңызды окудум эле, тизмеңизде дагы кайсы чокулар бар?

- Эверестке чыгуу кыялымды 2014-жылдан бери багып келатам. Ошол жылы биздин өлкөнүн эң бийик чокуларынын бири – Ленин чокусуна чыккан элем. Белгилүү устатым, орусиялык альпинист мындай деген: “Эдуард, олуттуу алектен, сен чоң бийиктиктерди багындырууга алың жетет”.

Анан “Жети чоку” деген эл аралык программанын мүчөсү болуп калдым. Аргентинада “жети миңдик” Аконкагуа чокусуна чыктым. Андан кийин Австралиянын эң бийик чекити – Костюшканы багындырдым, Эльбрус жана Килиманджарого желек орноттум.

- Каржылык жагы кандай болду? Виза, трансферди кошкондо канча чыгым болдуңуз?

- Эверест - альпинисттердин башкы кыялы. Бирок ал каржы жагынан да көп чыгымды талап кылат. Мен 2015-жылдан бери камдандым. Непал жылына дүйнө жүзүнөн келген 300 альпинистке гана уруксат берет. Ошондуктан экспедицияларга кошулуу – өтө маанилүү. Албетте, өзүнүн бюрократиясы бар, бирок андан да өтүш керек.

Непалдык компаниялар өз кызматтарын 25-30 миң долларга баалайт. Ал эми америкалык компаниялардын кызматы 80 миңден кем эмес, «Elite Expedition» тобу жетектеген легендарлуу альпинист Нимс Пурджа кызматы үчүн 150 миң доллар алат.

Мен орусиялык “Жети чоку” экспедициясына кошулуу үчүн 60 миң доллар төлөдүм, бирок булар сунуштаган кызматтардын сапаты батыш өлкөлөрүнөн кем калбайт. Материалдык жагы өтө чоң мааниге ээ, бирок кыялыңды кубаласаң, каржы 3-4-планда калат. Мен сарптаган бир дагы доллар үчүн өкүнбөйм, себеби бул экспедиция мен жана жакындарым үчүн чоң мааниге ээ. Биздин жаштарга, коомго да мааниси чоң деп үмүттөнөм.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат. Сизге күч жана жакшы аба ырайын каалайбыз.

- Рахмат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG