Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

27 жыл чогуу өмүр сүргөн Билл Гейтс менен Мелинда Гэйтс ажырашууну чечти


"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиарддер филантроп Билл Гэйтс жана жубайы Мелинда, 23-январь 2015-жыл.
"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиарддер филантроп Билл Гэйтс жана жубайы Мелинда, 23-январь 2015-жыл.

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, миллиарддер филантроп Билл Гэйтс жана жубайы Мелинда 27 жылдан кийин ажырашууну чечишкенин жарыялашты. Дүйнөдөгү эң популярдуу филантроп жубайлардын бири деп мүнөздөлгөн Гэйтс үй-бүлөсү мындай чечимин 3-майдын кечинде "Твиттер" аркылуу билдиришти.

"27 жыл ичинде мыкты үч баланы тарбияладык жана бардык адамдарга дени сак жана жемиштүү өмүр сүрүшүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн дүйнө жүзү боюнча иш алып барган фондду түптөдүк. Биз бул миссияга ишенебиз жана фонддогу биргелешкен ишибизди улантабыз. Бирок биз жашообуздун жаңы этабында жубайлар катары чогуу өсө ала турганыбызга ишенбей калдык", - деп айтылат бул билдирүүдө.

Билл Гейтс "Microsoft" компаниясы жана "Windows" программалык системасы аркылуу 1987-жылдан бери "Forbes" журналынын дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен түшө элек. Ал дээрлик 20 жыл бою дүйнөдөгү эң бай адам деп мүнөздөлүп турду.

Гейтс 2014-жылы кайрымдуулук иштерине көбүрөөк көңүл буруу үчүн "Microsoft" компаниясынын жетекчилигинен, 2020-жылы бул компаниянын директорлор кеңешинен кеткен. Ал жана анын жубайы чогуу түптөгөн "Билл жана Мелинда Гейтс фонду" миллиарддаган долларды гуманитардык долбоорлорго жумшаган. Ошондой эле Африкадагы полиомиелит илдетин алдын алууга чоң салым кошкон.

Гейтс коронавирус пандемиясы башталгандан бери анын вакцинанын иштеп чыгуу аракеттерине жигердүү катышып жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG