Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматтан кеткенин айтты


Айжан Чыныбаева.
Айжан Чыныбаева.

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматын тапшырганын 4-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал жетекчилик менен орток пикирге келе албай, иштен өз каалоосу менен кеткенин билдирген.

“Тилекке каршы, мен бул кызматта иштеп жүрө албайм. Анткени учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан адам менен бир пикирге келе алган жокмун. Жамаат жумуштан айрылып калбаш үчүн андан коркуп иштеп жатат”, - деди Чыныбаева.

Бул билдирүүгө байланыштуу шаардык мэрия ошол замат маалымат таратты. Ага ылайык, Айжан Чыныбаева азыр да вице-мэр экенин эскерткен. Анткени өз каалоосу менен иштен кетүү тууралуу жазган арызы түшө электиги айтылган.

“Борбор калаадагы иш адамды психологиялык жана физикалык жактан алсыратат. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын кызматы өтө жоопкерчиликтүү жана эмоционалдык жактан оор экендигин түшүнөбүз. Айжан Чыныбаева социалдык багыттан тышкары борбордогу пандемияга каршы күрөштү да көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, вице-мэр Баткен облусуна гуманитардык жардамды чогултуу жана бөлүштүрүү иш-чараларынын жигердүү катышуучусу экендигин белгилейбиз. Биз анын ишине толук берилгендигин баалайбыз. Бишкек шаардык мэриясы вице-мэрдин баракчасындагы видеодо айтылган сөздөр оор мезгилде топтолгон эмоция деп эсептейт”, - деп айтылат мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Коомчулукта жеке ишкер катары белгилүү болгон Айжан Чыныбаева бул кызматка былтыр октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Ага чейин коомдук уюмдарда иштеген. Былтыркы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG