Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Акыйкатчы институту Ксения Барабаш тууралуу сотко кайрылды


Февралда коррупцияга байланыштуу "Манас" аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев баштаган бир катар адамдар камалган.
Февралда коррупцияга байланыштуу "Манас" аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев баштаган бир катар адамдар камалган.

Акыйкатчы институту "Манас" эл аралык аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен кармалган Ксения Барабаштын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Аталган институттун кызматкерлери Барабашка 28-апрелде кирип чыккан. Анда кылмышка шектүү тергөө абагынын шартына байланыштуу арыз-дооматы жок экенин айткан. Бирок аны камакка алган себебин түшүнө албай турганын, эрезеге жете элек эки баласын, улгайган энесин өзү карай турганын айтып, анын адвокаттары камакка алуу тууралуу чечимди жокко чыгаруу үчүн соттун жогорку инстанцияларына кайрылып жатканын билдирген.

Барабаш 20-апрелде милицияга суракка чакырылып, андан ары шектүү катары кармалган. 22-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту аны бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Барабаш жарандык авиация тармагында иштеген, түркиялык "Gata havayollarive taşimacilik a.ş" компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп жүргөн.

Буга чейин аталган компанияга эл аралык жүк ташууда мыйзамсыз жеңилдик берилгени, мындан улам "Манас" аэропорту 139 598 681 сом кирешеден кол жууп калганы кабарланган.

Башкы прокуратура февралда аэропорт башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев, аэропорттун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев, "Манас Менеджмент Компанинин" мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков кармалганын билдирген.

Ушул эле иштин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго кошумча дагы бир кылмыш иши козголгон.

"Gata havayollari ve tasimacilik" компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешесин жоктугун билдирген кайрылуу тараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG