Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Баткен: Жапаровдун жолугушууларын видео-сүрөткө тартууга тыюу салынды


Баткендеги талкаланган мектеп. Май, 2021-жыл.
Баткендеги талкаланган мектеп. Май, 2021-жыл.

Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткен облусунда жүргөн кабарчысы билдирди. Ага ылайык, күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга президент Садыр Жапаровдун эл менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырбай жатат жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышты.

Президенттин басма сөз кызматы буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Жапаров Максат айылындагы чек ара чырында өрттөлгөн мектептин жанында тургундар менен жолукту. Андан ары Кулунду, Интернационал айылдарына барары айтылды.

Жапаров 6-майда Баткенде иш сапар менен жүрөт.

Ал 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган. Айрым кыштактарда турак-жайлар талкаланган.

XS
SM
MD
LG