Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 320 кишиге оору жукту


Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап жумду. Алардын баары Бишкекте.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, 6-майга карата дагы 320 адамдан оору аныкталды. Мурда сыркоолгон 217 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор расмий эсепте 1640ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 97 278, айыккандар 90 611 кишини түздү.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка караганда, 36 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG